№69

Араван, Кара-Кулжа, Ала-Бука, Чаткал, Кант, Баткен шаардык, Кадамжай, Каракол, Жети-Өгүз жана Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө төмөнкү чечимдери келип түштү:

1) Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-пунктунун жана Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергендигине байланыштуу жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдер:

  • Араван аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 8-июнундагы №2 Ош облусунун Араван районунун Дөбө-Коргон айылдык кеңеши боюнча;
  • Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 16-июнундагы №11 Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айылдык кеңеши боюнча;
  • Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 8-июнундагы №2 Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Айры-Там айылдык кеңеши боюнча;
  • Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 16-июнундагы №3 Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Каныш-Кыя айылдык кеңеши боюнча;
  • Кант аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 16-июнундагы №1 Чүй облусунун Кант шаардык кеңеши боюнча;
  • Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 16-июнундагы № 1 Баткен облусунун Баткен шаардык кеңеши боюнча;
  • Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 12-июнундагы № 11 Баткен облусунун Кадамжай районунун А. Масалиев айылдык кеңеши боюнча;
  • Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 11-июнундагы №3 Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңеши боюнча;
  • Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 18-июнундагы №8 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Жаргылчак жана Кызыл-Суу айылдык кеңештери боюнча;
  • Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 19-июнундагы № 5 Талас облусунун Бакай-Ата районунун Биримдик айылдык кеңеши боюнча;

2) Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 3-бөлүгүнүн 8-пунктунун негизинде жазуу жүзүндө арыз бергендигине байланыштуу катталган талапкерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечимдер:

  • Араван аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 8-июнундагы №2 Ош облусунун Араван районунун Дөбө-Коргон айылдык кеңеши боюнча;
  • Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 16-июнундагы №1 Баткен облусунун Баткен шаардык кеңеши боюнча;

3) Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде бош калган мандатты тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган шайланган депутаттардан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдер:

  • Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 16-июнундагы № 12 Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айылдык кеңеши боюнча;
  • Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 8-июнундагы № 2 Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Айры-Там айылдык кеңеши боюнча;
  • Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 16-июнундагы № 3 Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Каныш-Кыя айылдык кеңеши боюнча;
  • Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 12-июнундагы № 12 Баткен облусунун Кадамжай районунун А. Масалиев айылдык кеңеши боюнча;
  • Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 18-июнундагы № 8 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Жаргылчак жана Кызыл-Суу айылдык кеңештери боюнча;
  • Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 19-июнундагы № 6 Талас облусунун Бакай-Ата районунун Биримдик айылдык кеңеши боюнча;

4) Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун жана 1-1-бөлүгүнүн негизинде бош калган мандатты саясий партиянын тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдер:

  • Кант аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 16-июнундагы №1 Чүй облусунун Кант шаардык кеңеши боюнча;
  • Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 16-июнундагы № 1 Баткен облусунун Баткен шаардык кеңеши боюнча;
  • Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 11-июнундагы № 4 Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңеши боюнча.

Аймактык шайлоо комиссияларынын кабыл алынган чечимдери Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
20-беренесинин,
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин жана Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин талаптарына ылайык келет.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитет.

Бекитүүгө келип түшкөн аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдеринин Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына шайкештигин карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

  • Араван, Кара-Кулжа, Ала-Бука, Чаткал, Кант, Баткен шаардык, Кадамжай, Каракол, Жети-Өгүз жана Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык;
  • Араван жана Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечимдери 2-тиркемеге ылайык;
  • Кара-Кулжа, Ала-Бука, Чаткал, Кант, Баткен шаардык, Кадамжай, Каракол, Жети-Өгүз жана Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык.
  1. Ушул токтомдун 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ырастамалары ушул токтом жарыяланган күндөн тартып жараксыз деп таанылсын.
  2. Кара-Кулжа, Ала-Бука, Чаткал, Кант, Баткен шаардык, Кадамжай, Каракол, Жети-Өгүз жана Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиялары ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын катташсын жана аларга белгиленген үлгүдөгү ырастамаларды жана төш белгилерди тапшырышсын.

4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Эркин-Тоо мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Ушул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.

6Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Р.Ш. Жакышовго жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                                              Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2026-жылдын 23-июну

№69