23.09.2024 №135 КР БШКнын 2020-жылдын 11-февралындагы №41 “Шайлоо комиссияларынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 11-февралындагы41 “Шайлоо комиссияларынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин 455-беренесин жүзөгө ашыруу максатында,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 11-февралындагы №41 “Шайлоо комиссияларынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу” токтомуна (КР БШКнын 2020-жылдын 23-декбарындагы №497 токтомунун редакциясында) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

 1) Жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо тартиби жөнүндө” Жободо:

- жобонун аталышындагы жана 1, 2, 3, 4, 6, 7, 9, 10, 12, 13, 14, 15, 16, 16-1, 18, 19, 20, 21, 22, 23, 24, 25-1, 26, 28, 29, 30-пункттардагы  түрдүү жөндөмөдөгү "бузуу" же  "бузуулар" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "укук бузуу" же "укук бузуулар"деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 4-пункттагы "Кыргыз Республиксынын референдуму жөнүндө" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 6-пункттун 3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“3) жеке жана юридикалык жактардын билдирүүлөрү жана арыздары, ошондой эле маалыматтын башка булактарындагы билдүрүлөр (анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарында жана Интернетте), анын ичинде укук бузуу жагдайынын болушун көрсөтүүчү маалыматтарды камтыган видео же фото материалдар;”;

- 10-пункттагы “44-47”  деген цифралар “65-69” деген цифралар менен алмаштырылсын;

- 13, 19-пункттардагы “43”  деген цифралар “54” деген цифралар менен алмаштырылсын;

- 15-пунктта “фактысы” деген сөзүнөн кийин “болгондугун” деген сөз менен толукталсын:

- 13, 24-пункттарда “Өкмөтү” деген сөз “Министрлер Кабинети” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 23, 24-пункттардагы “ББР” аббревиатурасы “УББР” аббревиатурасы менен алмаштырылсын:

2. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү аймактык шайлоо комиссияларына жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                 Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2024-жылдын 23-сентябры

135