23.09.2024 №134 КРнын жергиликтүү кеңештеринин таркатуу жана КРнын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого катышуучу талапкерлердин жана КРнын саясий партияларынын шайлоо фонддорунун атайын эсебин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктоо жөнүндө

 

“Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы ПЖ № 21 Жарлыгына ылайык, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 9-бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7,18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого катышуучу талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн “РСК Банк” ААКсы жана “Айыл Банк” ААКсы банк мекемелери болуп белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо өткөрулуп жаткан региондордогу банк мекемелеринин жеткиликтүүлүгүн изилдесин жана шайлоого катышуучу талапкерлердин, саясий партияларынын шайлоо фонддорун атайын эсебин ачуу учун башка банк мекемелерин кошуу жөнүндө сунуш киргизсин.

3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын пландоо, эсеп жана отчеттуулук бөлүмү ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.

4. Ушул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                               Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек шаары, 2024-жылдын 23- сентябыры

№ 134