08.11.2021 №782 Талас округдук шайлоо комиссиясынын жана Ноокен аймактык  шайлоо комиссиясынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Талас округдук шайлоо комиссиясынын жана Ноокен аймактык  шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн шайлоо комиссияларынын курамдарынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Талас округдук шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- Азимбаева Гульнара Токушовна комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- Талас аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен Садырбаева Чолпон Ырызбековна киргизилсин.

2. Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- Курманкулов Акылбек Бегматович комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- Бекжанов Даирбек комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- Каримова Гулиза Аширалиевна комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- Зулумбекова Динара Жанышовна комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен:

- Ахмедов Муродбек Махамадович;  

- Назаров Нурлан Токторбаевич;

- Раимбердиев Турдали;

- Ирисалиев Акпарали Алтымышович Ноокен аймактык шайлоо комиссиянын курамына киргизилсин.

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                    Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

 

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 8-ноябры
№782