09.10.2025 №100
Чүй облусунун Москва районундагы, Ош облусунун Кара-Суу районундагы, Баткен облусунун Лейлек районундагы жана Нарын облусунун Жумгал районундагы айрым шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-1-беренесин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июнундагы № 41 токтому менен бекитилген Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобонун 5-главасын жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:
1. Чүй облусунун Москва районуна караштуу Спартак айылындагы № 7296 шайлоо участогунун дареги Ленин көчөсү, 34 тө жайгашкан Спартак атындагы орто мектебинен Спартак айылынын Спартак көчөсү, 84тө жайгашкан Төлөк айыл өкмөтүнүн имаратына өзгөртүлсүн.
2. Чүй облусунун Москва районуна караштуу Төлөк айылындагы № 7298 шайлоо участогунун дареги Школьная көчөсү, 11де жайгашкан Бердигул атындагы орто мектебинин имаратынан Төлөк айылынын Токтогул көчөсүндөгү номери жок Төлөк айылынын клубунун имаратына өзгөртүлсүн.
3. Чүй облусунун Москва районуна караштуу Садовое айылындагы № 7278 шайлоо участогунун дареги Совет көчөсү, 118де жайгашкан “Любушка” дүкөнүнүн имаратынан Садовое айылынын Совет көчөсү, 1де “Ресит” кафесинин имаратына өзгөртүлсүн.
4. Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Калинин айылындагы № 5192 шайлоо участогунун дареги А. Эркебаев көчөсү, 6да жайгашкан А. Оморов атындагы маданият үйүнүн имаратынан Калинин айылынын Т. Кадыров көчөсү, 16да жайгашкан А. Сматов атындагы орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.
5. Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Миң-Жыгач айылындагы № 8032 шайлоо участогунун дареги Долоно көчөсү, 29да жайгашкан “Миң-Жыгач” үгүт-насаат үйүнүн имаратынан Миң-Жыгач айылынын Бердимурат раис көчөсү, 11де жайгашкан Жаш-Тилек атындагы орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.
6. Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Ай-Көл айылындагы № 8034 шайлоо участогунун дареги Келдибек аксакал көчөсү, 40да жайгашкан Ак-Көл үгүт насаат үйүнүн имаратынан Ай-Көл айылынын Т. Абдысаитов көчөсү, 3тө жайгашкан Н. Батыров атындагы орто метебинин имаратына өзгөртүлсүн.
7. Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Таш-Дөбө айылындагы № 4110 шайлоо участогунун дареги Бегалы уулу Акмат көчөсү, 81де жайгашкан Н. Бийсеев атындагы машыгуу залынын имаратынан
Таш-Дөбө айылынын А. Тезекбаев көчөсү, 1де жайгашкан Таш-Дөбө атындагы орто метебинин имаратына өзгөртүлсүн.
8. Москва аймактык шайлоо комиссиясы Төлөк жана Миң-Булак айыл өкмөттөрү, Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясы Жоош айыл өкмөтү, Лейлек аймактык шайлоо комиссиясы Тогуз-Булак айыл өкмөтү жана Жумгал аймактык шайлоо комиссиясы Түгөл-Сай айыл өкмөттөрү менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо участкалардын даректери өзгөртүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
9. Бул токтом “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
10. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.
11. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек ш., 2025-жылдын 10-октябры
№ 100
