24.11.2024 №242 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Ноокен районуну Шамалдуу-Сай шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Ноокен районуну Шамалдуу-Сай шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

 

2024-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы №256 Жарлыгы менен дайындалган  Жалал-Абад облусунун Ноокен районун  Шамалдуу-Сай  шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

Ноокен  шаардык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн бирдиктүү 1 шайлоо округ жана 3 шайлоо участок түзүлгөн.

Шайлоочулардын тизмесине 8 279  шайлоочу киргизилген.

Шамалдуу-Сай   шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого 6 саясий партия катталган: «Ынтымак», «Жаны Кыргызстан»,  «Эл Биримдиги», «Ишеним», «Энергетиктердин», «Бирге-Вместе».

Добуш берүүгө жалпысынан 2 581 шайлоочу катышты, бул жалпы шайлоочулардын 31,17 %  түзөт, анын ичинен аралыктан добуш берүүгө 13 шайлоочу катышты.

Шамалдуу-Сай  шаардык кеңешинде мандаттардын саны 21.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча 6 саясий партиялар шайлоочулардын жалпы санынын 5 жана андан көп пайызынын добушуна ээ болду: «Ишеним»-546 добуш(21,1) -5 мандат,  «Жаны Кыргызстан» - 638 добуш (24,7%)-5 мандат, «Бирге-Вместе»-434 добуш (16,8%)-4 мандат «Ынтымак» - 369 добуш (14,2%) - 3 мандат, «Энергетиктердин»-399 добуш (15,4)-3 мандат, «Эл Биримдиги» -162 добуш (6,2%) - 1 мандат.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 56-1-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 23-сентябындагы №136 токтому менен бекитилген «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруунун жана өткөрүүнүн, аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн тартиби жөнүндө» Жобого ылайык:

- 3 участкалык шайлоо комиссияларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу жана аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө аралыктан добуш берүүнүн шайлоо участкаларынын 2024-жылдын 17-ноябрындагы протоколдордун негизинде Ноокен аймактык шайлоо комиссиясы шайлоолорду болуп өттү деп тааныды жана Шамалдуу-Сай шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжаларын белгиледи.

Жалал-Абад облусунун Шамалдуу-Сай  шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө арыз даттануулар келип түшкөн жок.

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 27-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 56-1-беренелерине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жалал-Абад облусунун Шамалдуу-Сай  шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 21-ноябрындагы протоколу бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Ноокен аймактык шайлоо комиссиясына жана Шамалдуу-Сай шаардык кеңешине жиберилсин.

4. Ноокен аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган Шамалдуу-Сай шаардык кеңешинин депутаттарын каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

 

ТӨРАГА                                                                   Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 24-ноябры

№ 242