10.04.2025 № 22
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Тоң, Кемин, Чүй, Аламүдүн аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин
1-пунктунун жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин
2-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергендигине байланыштуу жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери:
–.Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 31-мартындагы № 3 Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Болот Мамбетов айылдык кеңеши боюнча;
–.Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 31-мартындагы № 6 Чүй облусунун Кемин районунун Кичи-Кемин айылдык кеңеши боюнча;
–.Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын
2-апрелиндеги № 1 Чүй облусунун Чүй районунун Биримдик айылдык кеңеши боюнча;
–.Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын
7-апрелиндеги № 3 Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айылдык кеңеши боюнча.
2).“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн
7-пунктунун негизинде, Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Татыр айылдык кеңеши боюнча Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын
2025-жылдын 2-апрелиндеги cоттун өкүмү күчүнө киргенине байланыштуу жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө № 2 чечими.
3).“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, бош калган мандаттарды тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган шайланган депутаттан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери:
–.Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 31-мартындагы № 3 Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Болот Мамбетов айылдык кеңеши боюнча;
–.Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 31-мартындагы № 7 Чүй облусунун Кемин районунун Кичи-Кемин айылдык кеңеши боюнча;
–.Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 2-апрелиндеги № 2 Чүй облусунун Чүй районунун Биримдик айылдык кеңеши боюнча;
–.Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын
7-апрелиндеги № 3 Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айылдык кеңеши боюнча;
–.Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 2-апрелиндеги № 2 Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Татыр айылдык кеңеши боюнча.
Аймактык шайлоо комиссияларынын кабыл алынган чечимдери “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин талаптарына ылайык келет.
“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, “Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет”.
Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
–.Тоң, Кемин, Чүй, Аламүдүн жана Баткен аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери
1-тиркемеге ылайык;
–.Тоң, Кемин, Чүй, Аламүдүн жана Баткен аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарын тизмеде катталган талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 2-тиркемеге ылайык.
2..Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
3..Тоң, Кемин, Чүй, Аламүдүн жана Баткен аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын
2-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
4..Бул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жана “Эркин-Тоо” гезитине жарыялансын.
5..Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6..Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек ш., 2025-жылдын 10-апрели
№ 22