06.07.2023ж. №62

Об изготовлении в типографии ОАО «Учкун» Кодекса Кыргызской Республики о выборах в Кыргызской Республике от 9 августа 2010 года, №141 16.12.2024 №266 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын шайланган башчыларынын тизмеси 16.12.2024 №264 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ч.Т. Толоновдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө 16.12.2024 №265 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Кызыл-Кыя, Сүлүктү, Су 10.01.2025 №1 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Талас шаардык, Сузак, Ка 23.01.2025 №2 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж.Ш. Токторбаевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө 30.08.2023-ж. №82 26.11.2024 №263 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.01.2025 №3 КРнын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө 23.01.2025 №4 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө 26.11.2024 №262 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Бакай-Ата айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжасы жөнүндө Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 25.11.2024 №261 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Сузак жана Кара-Дарыя айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу 25.11.2024 №260 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Москва районундагы Ак-Суу, Нарзан, Төлөк, Төрт-Гүл, Миң-Булак айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Москва аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 25.11.2024 №259 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №258 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Кетмен-Дөбө жана Э. Иманалиев айылдык кеңештеринин депуттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө  Токтогул  аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №257 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Алай аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №256 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №255 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Сокулук районундагы Манас айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №254 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Акназаров, Биримдик, Күмүштак айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №253 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ош облусунун Алай районундагы Жаңы-Алай, Жибек-Жолу, Курманжан-Датка, Памир-Алай, Тилектеш жана Үч-Дөбө-Алай айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Алай аймактык шайлоо комиссия 24.11.2024 №252 ​​​​​​​2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ош облусунун Ноокат районундагы А.Мирмахмудов, Бел, Гулистан, Жаңы-Ноокат, Кара-Таш, Кеңеш, Көк-Бел, Көк-Жар, Кыргыз-Ата, Н.Исанов, Т.Зулпуев, Т.Кулатов жана Төөлөс айылдык кеңештеринин депутатта 24.11.2024 №251 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ала-Тоо, Баш-Булак, Датка, Жоош, Мады, Манас, Отуз-Адыр, Папан, Савай жана Ынтымак айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Кара-Суу аймактык шай 24.11.2024 №250 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №249 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Кадамжай районундагы А.Масалиев, Ак-Турпак, Бирлик, Исхак-Полотхан, Майдан, Молдо Нияз, Орозбеков, Үч-Коргон айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Кадамжай ай 24.11.2024 №248 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №247 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №246 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Сокулук районундагы З. Кайназарова атындагы, Военно-Антоновка, Гавриловка, Жаңы-Пахта, Күнтуу, Төмөнкү-Чүй, Сары-Өзөн, Сокулук айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүн 24.11.2024 №245 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Сокулук районунун Шопоков шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №244 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Сары-Камыш, Толук, А. Суеркулов, жана Үч-Терек айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу 24.11.2024 №243 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Барпы, Атабеков, Кызыл-Туу, Багыш, Көк-Арт, жана Кыз-Көл, айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын прото 24.11.2024 №242 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Ноокен районуну Шамалдуу-Сай шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №241 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №240 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ош облусунун Ноокат районундагы Ноокат шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №239 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Лейлек районундагы Ак-Суу, Жаңы-Жер, Кең-Талаа, Кулунду, Лейлек, Сумбула, Тогуз-Булак айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Лейлек аймактык шайлоо комиссиясыны 23.11.2024 №238 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Лейлек районунун Раззаков шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №237 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Ноокен  районундагы Д.Садырбаев, Э.Алиев, Момбеков  жана Бүргөндү-Достук  айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын проток 23.11.2024 №236 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Акман, Кеңеш, Арстанбап-Ата, жана Сайдыкум айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын проток 23.11.2024 №235 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Ноокен районуну Кочкор-Ата шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №234 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуну Базар-Коргон шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №233 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №232 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ак-Кудук, Жайылма, Жээк, Кең-Булун, Кочкорбаев, Нурманбет, Сын-Таш, Узун-Кыр, Ысык-Ата айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Ысык-Ата аймакты 23.11.2024 №231 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Чүй районундагы Биримдик, Бурана, Онбир-Жылга, С.Ибраимов,  Чүй айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №230 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Аламүдүн районундагы А. Сыдыков, Арашан, Байтик-Баатыр, Достук, Кара-Жыгач, С. Чокморов, Таш-Мойнок айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Аламүдүн аймактык шайлоо 23.11.2024 №229 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Жайыл районундагы Ак-Башат, Жайыл, Сары-Коо, Суусамыр, Талды-Булак, Ынтымак айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жө 23.11.2024 №228 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №227 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Баткен районундагы Ак-Сай, Ак-Татыр, Алтын-Бешик, Кара-Бак, Самаркандек, Суу-Башы, Төрт-Гүл айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Баткен аймактык шайлоо комисс 23.11.2024 №226 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №225 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №224 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Баткен шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты

Алимжанов Фарходбек Айбековичтин жогорку билими жѳнүндѳ документтери тууралуу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы жѳнүндѳ

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары – КР БШК) 2021-жылдын 26-октябрындагы № 980 чечими менен берилген документтердин негизинде, анын ичинде нотариуста күбѳлѳндүрүлгѳн жогорку кесиптик билими жѳнүндѳ дипломдордун кѳчүрмѳлөрүнүн негизинде Алимжанов Фарходбек Айбекович «Альянс» саясий партиясынын тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатыгына талапкер катары катталган.

КР БШКнын 2021-жылдын 15-декабрындагы № 836 токтому менен Алимжанов Фарходбек Айбекович бирдиктүү шайлоо округу боюнча «Альянс» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты болуп таанылган.

КР БШКнын 2021-жылдын 28-декабрындагы № 844 токтому менен Алимжанов Фарходбек Айбекович бирдиктүү шайлоо округу боюнча «Альянс» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталган.

2023-жылдын 5-июлунда КР БШКга Ф.А. Алимжановдун жогорку билими жѳнүндѳ дипломдорун жокко чыгаруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин (мындан ары – КР ББжИМ) маалыматы келип түшкѳн.

2023-жылдын 6-июлундагы КР БШКнын отурумуна бул маселени кароо боюнча КР ББжИМ биринчи орун басары Усеков Уланбек Абдулаизизовичтин маалыматы угулду.

Депутат Ф.А. Алимжанов отурумга чакырылган, бирок катышууга мүмкүнчүлүгү жок экендигин билдирген.

Борбордук шайлоо комиссиясы берилген материалдарды иликтеп чыгып, У.А. Усековдун маалыматын угуп, тѳмѳнкүлөргө келет.

КР ББжИМ 2023-жылдын 3-июлундагы (№64-КПҮ) катына ылайык, Ф.А. Алимжановго жогорку билими тууралуу дипломду берүүнүн мыйзамдуулугуна комиссиялык текшерүү жүргүзүүнүн зарылдыгы жѳнүндѳ КР УКМК нын катынын негизинде, КР ББжИМ дин 2023-жылдын 29-июнундагы №4501/1 буйругу менен Ф.А. Алимжановго берилген билими тууралуу документтердин аныктыгын текшерүү боюнча комиссия түзүлүп, ал тѳмѳнкүлѳрдү аныктады:

«…экзамендерди тапшыруу мезгилинде студенттин жок болгондугун эске алып, Ф.А. Алимжановдо жогорку кесиптик билимдин бар экендигин тастыктаган №УБ160351168, 25.08.2016-ж. каттоо №1617 диплому билим берүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларды одоно бузуу менен берилген деп эсептейт жана Ош мамлекеттик университетинин жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын жетекчилигине тѳмѳндѳгүлѳр сунуш кылынат:

1. Алимжанов Фарходбек Айбековичтин 5 жана 8-семестр үчүн экзамендеринин натыйжалары жокко чыгарылсын;

2. Алимжанов Фарходбек Айбековичке «Экономика» квалификациясын ыйгаруу жѳнүндѳ МАКтын 2016-жылдын
23-июнундагы №6/1-13/10 чечими жокко чыгарылсын;

3. Алимжанов Фарходбек Айбековичке берилген УБ№160351168 сериясындагы 25.08.2016-ж. каттоо номери 1617 диплому чакыртып алынсын;

4. Ф. Алимжановго «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» багыты боюнча «Магистр» академиялык даражасын ыйгаруу жѳнүндѳ
Кыргыз Респрубликасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын ШМ №180356308 сериясындагы (каттоо номери – 28282) диплому чакыртып алынсын;

5. Бузууларга жол беришкен ОшМУнун кызматкерлеринин административдик жоопкерчилигин каралсын».

2023-жылдын 5-июлунда КР ББжИМ (№02-2/6205) каты менен кошо БШКга тѳмѳндѳгүлѳрдү жѳнѳткѳн:

- Ош мамлекеттик университетинин 2023-жылдын 4-июлундагы №2595-О/23 буйругунун кѳчүрмѳсүн, анда «жогорку билими бар экендигин тастыктаган 25.08.2016-ж. №УБ160351168, каттоо №1617 дипломун берүүдѳ ченемдик укуктук актыларды одоно бузуу аныкталгандыгына байланыштуу: 1. Ф.А. Алимжановго «Экономика» квалификациясын ыйгаруу жѳнүндѳ Мамлекеттик аттестациялык комиссиянын 2016-жылдын 23-июнундагы №6/1-13-10 чечими жокко чыгарылды; 2. 25.08.2016-ж. УБ№160351168, каттоо №1617 диплому жокко чыгарылды»;

- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын 2023-жылдын 5-июлундагы №3/71 буйругунун кѳчүрмѳсү, анда «Тѳмѳнкүлөр жокко чыгарылган: 1. Ф.А. Алимжановго «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» багыты боюнча берилген «Магистр» академиялык даражасын ыйгаруу жѳнүндѳ Мамлекеттик аттестациялык комиссиясынын 2018-жылдын 7-июнундагы чечими; 2. Ф.А. Алимжановго 10.10.2018-ж. берилген ШМ №180356303 сериясындагы каттоо номери – 28282 диплому».

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары Ф.А. Алимжановду каттоо үчүн документтер менен кошо, Борбордук шайлоо комиссиясына берилген талапкер жѳнүндѳ толтурулган маалыматта (№14-1 формасы) билими тууралуу бөлүгүндө төмөнкү маалыматтар көрсөтүлүп, нотариуста күбѳлѳндүрүлгѳн кѳчүрмѳлѳрү берилген:

1. Ош мамлекеттик университетинде «Экономика» адистиги боюнча жогорку билим алгандыгы тууралуу 25.08.2016-ж. УБ№160351168, каттоо №16-17 диплому,

2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» багыты боюнча магистр даражасын ыйгаруу жѳнүндѳ 2018-жылдын 10-октябрындагы №ШМ180356303 каттоо №28282 диплому.

«Билим берүү жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин тѳртүнчү, алтынчы абзацтарына ылайык «Кесиптик жогорку билими бар адамдар тездетилген программа боюнча экинчи жана үчүнчү кесиптик жогорку билим алышы мүмкүн.

Кесиптик жогорку билим алууга орто жалпы билими жөнүндө аттестаттын, кесиптик орто билими тууралу дипломдун же кесиптик жогорку билими жөнүндө дипломдун (экинчи, үчүнчү, ошондой эле жогорку билим алганда) болушу мүмкүнчүлүк берет».

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган – КР ББжИМ дин жогоруда кѳрсѳтүлгѳн маалыматына ылайык 2016-жылдын 25-августундагы Мамлекеттик аттестациялык комиссиясынын чечиминин негизинде Ф.А. Алимжановго берилген «Экономика» адистиги боюнча УБ№160351168, каттоо №1617 диплому жокко чыгарылган, ошондой эле 2018-жылдын 7-июнундагы Мамлекеттик аттестациялык комиссиянын чечиминин негизинде «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» багыты боюнча магистр даражасын ыйгаруу жѳнүндѳ 2018-жылдын 10-октябрында берилген №ШМ180356303 каттоо №28282 диплому жокко чыгарылган.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 76-беренесинин 2-бѳлүгүнүн экинчи жана үчүнчү абзацтарына ылайык «Шайлоо күнүнө карата 25 жашка толгон жана шайлануу укугуна ээ болгон Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун тартиби конституциялык Мыйзам менен аныкталат».

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 3-беренесинин 5-бѳлүгүѳ ылайык «Жарандар ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген талаптарды сактоодо шайлоого жана шайланууга өз укуктарын ишке ашырышат».

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 59-беренесинин 2-бѳлүгүѳ ылайык « Шайлоо күнүнө карата 25 жашка толгон, шайлоого укугу бар, жогорку кесиптик билими бар Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат».

Конституциялык Мыйзамдын 61-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 2 жана 3-пункттарына ылайык, талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына талапкерлердин тизмесине киргизилген ар бир талапкер тарабынан толтурулган, өмүр баянын жана башка маалыматтарды көрсөтүү менен талапкер жөнүндө маалыматтардын атайын формаларын, паспортунун көчүрмөсүн, жогорку кесиптик билим жөнүндө документтин нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн, иштеген же окуган жеринен маалымдаманы, башка мамлекеттин жарандыгы жок экендиги жөнүндө, соттолгондук жөнүндө маалыматтарды, чет мамлекеттин жарандыгы (ошондой эле мурдагы жарандыктары, башка жарандыктары) бар же жок экендиги жагынан жекече маалыматтарын иштетүүгө жазуу жүзүндө макулдугун берет.

Конституциялык Мыйзамдын 46-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ ылайык «Шайланган талапкердин каттоосу, талапкер өзүнүн пассивдүү шайлоо укугу жок экени тууралуу маалыматтарды жашырып койгонунун, анын ичинде талапкердин мыйзамда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттолгондугу же ушул конституциялык Мыйзамдын 3-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган жагдайлардын бар экени жөнүндө, ага карата соттун айыптоо өкүмү күчүнө киргени жөнүндө, Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканы же жоготкону жөнүндө, башка мамлекеттин жарандыгына таандыгы жөнүндө, колдонуудагы мыйзамдарда белгиленген негиздерде анын башка пассивдүү шайлоо укугу жок экени тууралуу маалыматтар талапкер тарабынан жашырган фактылары далилденген учурларда, ошондой эле талапкер каза болгон учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жокко чыгарылат».

Конституциялык Мыйзамдын 46-беренесинин 2-бѳлүгүнүн 4-пунктуна ылайык конституциялык Мыйзамдын 21, 53 жана 61-беренелеринде белгиленген талаптар бузулган учурда талапкердин каттоосу жокко чыгарылат.

Мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган КР ББжИМ дин маалыматынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 46-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ, 59, 61-беренелерине ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ф.А. Алимжановдун каттоосу жокко чыгарылсын жана ал КР БШКнын 2021-жылдын 26-октябрындагы №980 чечими менен катталган «Альянс» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен алып салынсын.

2. «Альянс» саясий партиясынан талапкер Ф.А. Алимжановду бирдиктүү шайлоо округу боюнча «Альянс» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланды деп таануу бѳлүгүндѳ КР БШКнын 2021-жылдын 15-декабрындагы № 836 токтомунун 7-пункту жокко чыгарылсын

3. Ф.А. Алимжановду «Альянс» саясий партиясынан бирдиктүү шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты катары каттоо бѳлүгүндѳ КР БШКнын 2021-жылдын 28-декабрындагы №844 токтому жокко чыгарылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Алимжанов Фарходбек Айбековичтин күбѳлүгү анык эмес деп таанылсын.

5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Бул токтомдун кѳчүрмѳсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жѳнѳтүлсүн.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктѳлсүн.

ТӨРАГА                                                                                                   Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2023-жылдын 6-июлу

№ 62