09.10.2021 №731 Төлөйкөн жана Жети-Өгүз округдук шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Төлөйкөн жана Жети-Өгүз округдук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн шайлоо комиссияларынын курамдарынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Төлөйкөн округдук шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- Мамашев Данияр Абдимиталипович комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан Карабаев Түгөлбай Аипович комиссиянын курамына киргизилсин.

2. Жети-Өгуз округдук шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- Азиева Азиза Туйгуновна комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен Бекболотов Айберген Бекболотович комиссиянын курамына киргизилсин.

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                 Н. ШАЙЛДАБЕКОВА                

Бишкек ш., 2021-жылдын 9-октябры

№ 731