15.09.2021 №691 «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Жобо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнч

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Жобо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын
26-июнундагы № 118 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 26-августундагы №103 конституциялык Мыйзамына ылайык, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4 жана 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 26-июнундагы № 118 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) токтомдун преамбуласындагы «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7 жана 18-беренелерин» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4 жана 8-статьяларын» деген сөздөргө алмаштырылсын»;

2) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Жободо:

- 3-пункт «мындан ары – конституциялый Мыйзам),» деген сөздөрдөн кийин «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы» деген сөздөр менен толукталсын;

- 10-пунктунда:

2) пунктчасында «стадиондордо жана калктуу конуштардын көчөлөрүндө» деген сөздөр алып салынсын;

эскертүүсүндө «концерт коюу» деген сөздөр «концерт» деген сөзгө алмаштырылсын;

11-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

«-аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун кызматкерлери.»;

- 16-пунктунун биринчи абзацы «берилген» деген сөздөн мурда «акысыз» деген сөз менен толукталсын;

- 17-пунктунда «өкүлүнүн» деген сөз «катталган тизмеден талапкерлердин» деген сөзгө алмаштырылсын;

- 21-пункту «аянттарын» деген сөздөн кийин «талапкерлерге» деген сөз менен толукталсын;

- 26-пунктунда:

биринчи абзацы «Жогорку Кеңеш депутаттарын» деген сөздөрдөн кийин «бирдиктүү шайлоо округу боюнча» деген сөздөр менен толукталсын;

төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

«Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча акысыз эфирдик убакыттын жалпы көлөмү регионалдык телерадио уюмдарынын каналдарында жумушчу күндөрү отуз мүнөттөн кем болбоого тийиш.».

- 31-пунктунда:

биринчи абзацында «катталган» деген сөз «катталышкан» деген сөзгө алмаштырылсын;

экинчи абзацы төмөнкүлөй экинчи сүйлөм менен толукталсын:

«Бир мандаттуу округдар боюнча катталган талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт материалдарын, биргелешкен үгүт иш-чараларын мамлекеттик регионалдык телерадио уюмдарынын каналдарында акысыз негизде эфирге чыгуу күнүн жана убактысын аныктаган чүчүкулакты тиешелүү округдук шайлооо комиссиялары жүргүзүүгө укуктуу.».

- 32-пунктунда биринчи жана экинчи абзацтары алып салынсын;

- 33-пунктунун экинчи абзацы «Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагына» деген сөздөрдөн кийин «, ошондой эле регионалдык телерадио уюмдарынын каналдарында» деген сөздөр менен толукталсын;

- 41-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

«Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлердин басылма жана башка үгүт материалдарынын нускалары жана алардын көчүрмөлөрү тиешелүү округдук шайлооо комиссиясына берилиши мүмкүн.»;

- 42-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Бардык басылма жана башка үгүт материалдары, басылма үгүт материалдарын даярдаган уюмдун, жеке ишкердин аталышын жана дарегин (фамилиясын, атын, атасынын атын), үгүт материалдарын даярдоого тапшырык берген талапкердин фамилиясын, атын, атасынын атын, саясий партиянын аталышын, алардын нускасы жана чыгарылган күнү жөнүндө маалыматты, ошондой эле тапшырык акысын төлөгөн талапкерлердин же талапкердин, саясий партиянын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн фамилиясын, атын, атасынын атын камтышы керек. Көрсөтүлгөн маалыматтарды камтыбаган үгүт материалдарын таратууга тыюу салынат.»;

- 47-пункту «Борбордук шайлоо комиссиясы» деген сөздөрдөн кийин «, округдук шайлоо комиссиясы» деген сөздөр менен толукталсын;

- 63-пункту алып салынсын;

- 69-пункту төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи жана тогузунчу абзацтар менен толукталсын:

«Ибадат кылуу имараттарына, курулмаларына жана аларга тиешелүү аймактарга, кооптуу жана зыяндуу өндүрүштөрү бар объекттерге, электр станцияларга, темир жолдорго, мунай куурларга жана жогорку чыңалуудагы электр берүү линияларына, пенитенциардык тутумдун объекттерине, саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарына, мектепке чейинки балдар мекемелерине, мектепке чейинки билим берүүчү жана жалпы билим берүүчү уюмдардын ичинде жана уюмдарга жакын жерлерде (аралыгы 100 метрден аз) үгүт иш-чараларын жүргүзүүгө, үгүт материалдарын таратууга жол берилбейт.

Шайлоо алдындагы үгүттү өткөрүүдө, үгүттүк материалдарда тикелей жана кыйыр өздөштүрүп алынган маалыматтык бөлүктөрдү жана элементтерди (сүрөттөлүштөрдү) көрсөтүүгө же башкача пайдаланууга же диний тематикага шилтеме жасоого жол берилбейт.»;

- 70-пунктунун алтынчы абзацында «(КР ЖК 192-бер)» деген сөздөр жана белгилөө алып салынсын;

- 73-пунктунун биринчи жана экинчи абзацында «талапкерлердин» деген сөздөн кийин «фамилиясын, атын, атасынын атын» деген сөздөр менен толукталсын;

- 77-пунктунун биринчи абзацынын биринчи сүйлөмү «Борбордук шайлоо комиссиясы» деген сөздөрдөн кийин «, округдук шайлоо комиссиясы» деген сөздөр менен толукталсын.

2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун жетекчиси У.К. Жылкыбаевге жүктѳлсүн.

ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2021-жылдын 15-сентябры

№ 691