02.11. 2021 №771 2021-жылдын 28-ноябрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодогу шайлоо бюллетендери жөнүндө

 

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 30-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесине ылайык, «Катуу көзөмөлдөгү отчеттуулук документтерин даярдоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 22-сентябрындагы № 540 токтомун жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодогу бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоо бюллетендеринин формасы жана тексттери бекитилсин (№1 тиркеме).

2. 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодогу бирдиктүү шайлоо округу боюнча шайлоо бюллетенинин формасы жана тексти бекитилсин (№2 тиркеме).

3. Бул токтомдун 1, 2-пунктарында көрсөтүлгөн шайлоо бюллетердерди, Бишкек шаары, Ибраимов көчөсү, 24 дареги боюнча жайгашкан «Учкун» ААКсында даярдоо ишке ашырылсын.

4. Шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгы жана маалымат-коммуникация технологиялар башкармалыгы шайлоо бюллетендерин даярдоо процессинде, шайлоо бюллетендеринин формасы жана сактоо даражасынын талаптарын камсыздоо максатында алдын-ала тестирлөөнү ишке ашырсын.

5. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы «Атайын байланыш кызматы» мамлекеттик ишканасы менен шайлоо бюллетендерди округдук шайлоо комиссияларга жеткирүү боюнча келишим түзүлсүн.

6. Шайлоо бюллетендерди округдук шайлоо комиссияларга жеткирүү жана өткөрүп берүү үчүн жооптуулар болуп региондор боюнча бекитилген кураторлукка ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрү белгиленсин.

7. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын (тиркемесиз).

8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                               Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш, 2021-жылдын 2-ноябры,

№ 771