Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 25-июлундагы № 91 токтому менен Чүй облусунун Кант жана Кара-Балта шаарларында Кант жана Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиялары түзүлгөн.
«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы №176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык, аймактык шайлоо комисияларынын резервине келип түшкөн документтерди кароо боюнча Жумушчу топтун 2024-жылдын 2-сентябрындагы чечимине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандарга, саясий партияларга, 2024-жылдын 5-августундагы кайрылуусуну, Кант жана Кара-Балта аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө саясий партиялардын протоколдорунун негизинде,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан көрсөтүлгөн талапкерлер 1-тиркемеге ылайык Кант жана Кара-Балта аймактык шайлоо комиссияларынын резервдери түзүлсүн.
- Кант жана Кара-Балта аймактык шайлоо комиссияларынын курамына саясий партиялардын талапкерлери, 2-тиркемеге ылайык киргизилсин.
- Кыргыз Республикасынын аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине келип түшкөн талапкерлердин документтерин кароо боюнча Жумушчу топтун 2024-жылдын 2-сентябрындагы чечимине ылайык, резервден жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ѳкүлдѳрү Кант жана Кара-Балта аймактык шайлоо комиссияларынын курамына 3-тиркемеге ылайык киргизилсин.
- Кант жана Кара-Балта аймактык шайлоо комиссияларынын курамы 4-тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
- Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2024-жылдын 3-сентябры
№ 112