06.04.2022 №41 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча округдук шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча округдук шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) 2021-жылдын 12-сентябрындагы №689 токтому менен 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилине 36 округдук шайлоо комиссиясы түзүлгөн.

Борбордук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 15-декабрындагы №836 токтому менен – бирдиктүү шайлоо округу боюнча, Борбордук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 9-декабрындагы № 795, № 796, № 797, № 798, № 799, № 800, № 801, № 802; 2021-жылдын 10-декабрындагы № 805, № 806, № 807, № 808, № 809, № 810, № 811, № 812; 2021-жылдын 11-декабрындагы № 816, № 817, № 818, № 819;  2021-жылдын 12-декабрындагы № 820, № 821, № 822, № 823, № 824, № 825, № 826; 2021-жылдын 13-декабрындагы № 827, № 828, № 830, № 831; 2021-жылдын 14-декабрындагы № 832, № 833 токтомдору менен бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча 2021-жылдын 28-ноябрында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары аныкталды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 27-декабрындагы №839 токтому менен № 27 Биринчи май бир мандаттуу шайлоо округу жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоо дайындалды, себеби Борбордук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 13-декабрындагы №829 жана 2021-жылдын 14-декабрындагы №834 токтомдору менен жогоруда аталган шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо болбой калды деп таанылды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын 2022-жылдын 7-мартындагы №26 жана 2022-жылдын 25-мартындагы №35 токтомдору менен 2022-жылдын 27-февралында өткөн № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоонун натыйжалары аныкталды.

 

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12-беренесинин 5-бөлүгүнүн экинчи абзацына ылайык, «Округдук шайлоо комиссиялары өз ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжалары расмий жарыялангандан кийин Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча токтотот».

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12-беренесинин 5-бөлүгүнүн экинчи абзацына ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, Борбордук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосун жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2021-жылдын 28-ноябрында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилине  түзүлгөн округдук шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктары тиркемеге ылайык токтотулсун.

2. Бул токтом «Эркин - Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                     Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

                                                                                    

Бишкек ш., 2022-жылдын 6-апрели

№ 41