23.11.2024 №222 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кара-Кулжа, Кара-Кочкор, Кара-Гуз, Ылай-Талаа, Ой-Тал, Алайку жана Сары-Булак айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Кара-Кулжа аймактык шайл

2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кара-Кулжа, Кара-Кочкор, Кара-Гуз, Ылай-Талаа, Ой-Тал, Алайку жана Сары-Булак айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

 

2024-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы №256 Жарлыгы менен дайындалган Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кара-Кулжа, Кара-Кочкор, Кара-Гуз, Ылай-Талаа, Ой-Тал, Алайку жана Сары-Булак айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 62-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 23-сентябындагы №136 токтому менен бекитилген «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруунун жана өткөрүүнүн, аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн тартиби жөнүндө» убактылуу жобого ылайык:

- участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу жана аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө аралыктан добуш берүү участкалык шайлоо комиссияларынын шайлоо участкаларынын 2024-жылдын 17-ноябрындагы протоколдордун негизинде Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясы шайлоолорду болуп өттү деп тааныды жана Кара-Кулжа, Кара-Кочкор, Кара-Гуз, Ылай-Талаа, Ой-Тал, Алайку жана Сары-Булак айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын белгиледи.

Кара-Кулжа, Кара-Кочкор, Кара-Гуз, Ылай-Талаа, Ой-Тал, Алайку жана Сары-Булак айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясына 2 арыз түшкөн. Келип түшкөн арыздар каралып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алынган. Кабыл алынган чечимдерге даттануулар келип түшкөн жок.

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 27-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1, 62-беренелерине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 21-ноябрындагы депутаттарды шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдору бекитилсин:

- Кара-Кулжа айылдык кеңешинин (1-тиркеме);

- Кара-Кочкор айылдык кеңешинин (2-тиркеме);

- Кара-Гуз айылдык кеңешинин (3-тиркеме);

- Ылай-Талаа айылдык кеңешинин (4-тиркеме).

- Ой-Тал айылдык кеңешинин (5-тиркеме).

- Алайку айылдык кеңешинин (6-тиркеме).

- Сары-Булак айылдык кеңешинин (7-тиркеме).

2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясына жана тийиштүү айылдык кеңештерине жөнөтүлсүн.

4. Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясы шайлоолордун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарын каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

 

ТӨРАГА                                                                   Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 23-ноябры

№ 222