31.10.2024 №178 Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Т.Балтагулов айыл аймагына караштуу №2273 Кызыл-Ата шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Т.Балтагулов айыл аймагына караштуу №2273 Кызыл-Ата шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 22-октябрындагы № 6 чечими келип түшкөн.

Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын чечими Т.Балтагулов айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 21-октябрындагы №1177 кайрылуусунун негизинде кабыл алынган.

 «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы №4 токтому менен бекитилген «Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Т. Балтагулов айыл аймагына караштуу №2273 Кызыл-Ата шайлоо участкасынын дареги Ы.Чангылов орто мектебинин имаратынан Б.Калыбеков көчөсүндөгү №23а дарегинде жайгашкан Кызыл-Ата айылдык маданият үйүнүн имаратына өзгөртүлсүн.

2. Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясы Т. Балтагулов айыл өкмөтү менен биргеликте шайлоочулардын арасында №2273 Кызыл-Ата шайлоо участкасынын дареги өзгөртүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                               Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 31- октябры

178