22.11.2024 №192 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Кант шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кант аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

 

2024-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы №256 Жарлыгы менен дайындалган  Чүй облусунун Кант шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

Кант шаардык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн бирдиктүү 1 шайлоо округ жана 16 шайлоо участок түзүлгөн.

Шайлоочулардын тизмесине 23 349 шайлоочу киргизилген.

Кант шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого 9 саясий партия катталган: «Калк Ынтымагы», «Жаңы Кыргызстан», «Бирге-Вместе», «Ишеним», «Ынтымак», «Эл Үмүтү», «Ордо», «Эмгек», «Социал-Демократтар» Добуш берүүгө жалпысынан 7 044 шайлоочу катышты, бул жалпы шайлоочулардын 30,04%  түзөт, анын ичинде аралыктан добуш берүүгө 10 шайлоочу катышты.

Кант шаардык кеңешинде мандаттардын саны 31.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча 6 саясий партиялар шайлоочулардын жалпы санынын 5 жана андан көп пайызынын добушуна ээ болду: «Калк Ынтымагы» - 1508 добуш (22,12%) - 8 мандат; «Жаңы Кыргызстан» - 1411 добуш (20,07%) - 7 мандат; «Бирге - Вместе» - 1105 добуш (16,21%) - 6 мандат; «Ишеним» - 822 добуш (12,05%) - 4 мандат; «Ынтымак» - 700 добуш (10,27%) - 3 мандат; «Эл Үмүтү» - 599 добуш (8,78%) - 3 мандат.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 56-1-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 23-сентябындагы №136 токтому менен бекитилген «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруунун жана өткөрүүнүн, аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн тартиби жөнүндө» Жобого ылайык:

- 16 участкалык шайлоо комиссияларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу жана аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө аралыктан добуш берүүнүн шайлоо участкаларынын 2024-жылдын 20-ноябрындагы протоколдордун негизинде Кант аймактык шайлоо комиссиясы шайлоолорду болуп өттү деп тааныды жана Кант шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжаларын белгиледи.

Чүй облусунун Кант шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө арыз жаттануулар келип түшкөн жок.

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 27-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 56-1-беренелерине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Чүй облусунун Кант шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кант аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 20-ноябрындагы протоколу бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Кант аймактык шайлоо комиссиясына жана Кант шаардык кеңешине жиберилсин.

4. Кант аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган Кант шаардык кеңешинин депутаттарын каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                   Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 22-ноябры

192