14.03.2024 №23 Кара-Суу округдук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кара-Суу округдук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Кара-Суу округдук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү М.К. Айдаровдун жана А. Абдилла кызынын Кара-Суу округдук шайлоо комиссиясынын курамынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кара-Суу округдук шайлоо комиссиясынын курамына  төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- Айдаров Мансур Каниметович жана Абдилла кызы Арууке комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен Абдибаитов Камилжан Алимович жана Арзиев Эмиль Маматкаримович комиссиянын курамына киргизилсин.

2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                           Н. ШАЙЛДАБЕКОВА                              

Бишкек ш., 2024-жылдын 14-марты

№ 23