19.09.2025 №75

Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районундагы № 5462 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө

 

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-1-беренесин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 41 токтому менен бекитилген Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобону жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

токтом кылат:

Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районундагы № 5462 шайлоо участогунун дареги А. Хажимаматов көчөсү, 30-үйүнүн дарегинен Х. Турсункулов көчөсү, 1-үйүндө жайгашкан Жаңы-Ноокат айылдык маданият үйүнө өзгөртүлсүн.

2. Ноокат аймактык шайлоо комиссиясы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо участкасынын дарегинин өзгөртүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

3. Бул токтом “Эркин-Тоо” гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

               Төрага                                                                                                             Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 19-сентябры

Маалымкат негиздеме