23.11.2024 №213 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунуна караштуу Токтогул районун Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунуна караштуу Токтогул районун Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

 

2024-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы №256 Жарлыгы менен дайындалган  Жалал-Абад облусунун  Токтогул районунун Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

Токтогул шаардык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн бирдиктүү 1 шайлоо округ жана 11 шайлоо участок түзүлгөн.

Шайлоочулардын тизмесине 25 300 шайлоочу киргизилген.

Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого 9 саясий партия катталган: «Эркин Эл», «Эл Үмүтү»,  «Бирге-Вместе», «Ынтымак», «Энергетиктердин», «Эмгек», «Жаны Кыргызстан», «Ишеним», «Тынчтык».

Добуш берүүгө жалпысынан 7 964 шайлоочу катышты, бул жалпы шайлоочулардын 31,48%  түзөт, анын ичинен аралыктан добуш берүүгө 34 шайлоочу катышты.

Токтогул шаардык кеңешинде мандаттардын саны 31.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча 9 саясий партиялар шайлоочулардын жалпы санынын 5 жана андан көп пайызынын добушуна ээ болду: «Эркин Эл» - 773 добуш (9.89%) - 3 мандат. «Эл Үмүтү» - 834 добуш (10.67%) - 3 мандат. «Бирге-Вместе»- 1267 добуш (16.20%) - 5 мандат. «Ынтымак» - 885 добуш (11,32%) - 4 мандат. «Энергетиктердин»- 482 добуш (6,16%) - 2 мандат. «Эмгек» - 449 добуш (5,74%) - 2 мандат. «Жаны Кыргызстан» - 974 добуш (12,46%) - 4 мандат. «Ишеним» - 787 добуш (10,07%) - 3 мандат. «Тынчтык». - 1322 добуш (16,91%) - 5 мандат.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 56-1-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 23-сентябындагы №136 токтому менен бекитилген «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруунун жана өткөрүүнүн, аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн тартиби жөнүндө» Жобого ылайык:

- 11 участкалык шайлоо комиссияларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу жана аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө аралыктан добуш берүүнүн шайлоо участкаларынын 2024-жылдын 17-ноябрындагы протоколдордун негизинде Токтогул аймактык шайлоо комиссиясы шайлоолорду болуп өттү деп тааныды жана Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжаларын белгиледи.

Жалал-Абад облусунун Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө арыз даттануулар келип түшкөн жок.

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 27-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 56-1-беренелерине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жалал-Абад облусунун Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 21-ноябрындагы протоколу бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Токтогул аймактык шайлоо комиссиясына жана Токтогул шаардык кеңешине жиберилсин.

4. Токтогул аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

 

ТӨРАГА                                                                    Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 23-ноябры

№ 213