25.07.2024 №91 Кант жана Кара-Балта аймактык шайлоо комиссияларын түзүү жѳнүндѳ

“Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын  деңгээлиндеги административдик-аймактык бирдиктер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 18-июлундагы № 128 Мыйзамына ылайык, Чүй облусунун Кант жана Кара-Балта шаарларына облустук  маанидеги шаар статусу берилген.

Жогорудагы шаарлар өз алдынча административдик-аймактык бирдик болгондугуна байланыштуу, алардын аймагында жаңы аймактык шайлоо комиссияны түзүү зарылчылыгы келип чыкты.

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1, 19, 20, 22, 23-беренелерине,  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы №176 токтому менен бекитилгенШайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө” жобого ылайык

             Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Чүй облусунун Кант жана Кара-Балта шаарларынын аймагында шайлоолорду уюштуруу жана ѳткѳрүү үчүн Кант жана Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиялары түзүлсүн.

  2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына Кант жана Кара-Балта аймактык шайлоо комиссияларынын курамын жана резервдерин түзүү боюнча жарандарга жана саясий партияларга кайрылуу жарыялансын.

  3. Чүй облусунун Кант жана Кара-Балта шаарларынын мэриялары Кант, Кара-Балта аймактык шайлоо комиссияларынын курамын жана резервдерин түзүүгө, ошондой эле шайлоо комиссияларынын иштеши үчүн кызматтык кеңсе берүүгө көмөк көрсөтсүн.

  4. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыяланууга тийиш жана расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
  5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктѳлсүн.

 

ТѲРАГА                                                              Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2024-жылдын  25-июлу

№ 91