09.10.2025 №96 Кант жана Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кант жана Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын
курамдарына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине, 22-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:
1. Кант аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
– “ОРДО” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Мысалиев Данияр Мелисбекович, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан көрсөтүлгөн Исраилов Талантбек Омурбекович, Токтосопиева Динара Еркиновна берген арыздарына ылайык комиссиянын курамынан чыгарылсын;
– “Эл Үмүтү” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Сыдыгалиева Гульзат Бейшенбаевна, “Калк Ынтымагы” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Джанузаков Бакыт Жолдошбекович жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Мадиярова Мээрим Кадыркуловна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
2. Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
– жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Кадырбаев Таалайбек Ишенбаевич берген арызына ылайык комиссиянын курамынан чыгарылсын;
– жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Жамгырчиев Талант Элюбаевич резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
3. Бул токтом “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек ш., 2025-жылдын 9-октябры
№ 96
