22.11.2024 №201 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Каракол, Хан-Теңири, Кыдыр-Аке, Алтын-Арашан айылдык кеңештеринин депуттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө  аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Каракол, Хан-Теңири, Кыдыр-Аке, Алтын-Арашан айылдык кеңештеринин депуттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө  аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

 

2024-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы №256 Жарлыгы менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Каракол, Хан-Теңири, Кыдыр-Аке, Алтын-Арашан айылдык кеңештеринин депуттарын шайлоо болуп өттү.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 62-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 23-сентябындагы №136 токтому менен бекитилген «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруунун жана өткөрүүнүн, аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн тартиби жөнүндө» жобого ылайык:

- участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу жана аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө аралыктан добуш берүү участкалык шайлоо комиссияларынын 2024-жылдын 17-ноябрындагы протоколдордун негизинде Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясы шайлоолорду болуп өттү деп тааныды жана Каракол, Хан-Теңири, Кыдыр-Аке, Алтын-Арашан айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын белгиледи.

Каракол, Хан-Теңири, Кыдыр-Аке, Алтын-Арашан айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө арыз даттануулар келип түшкөн жок.

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 27-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1, 62-беренелерине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 20-ноябрындагы депутаттарды шайлоонун натыйжалары жөнүндө төмөнкү протоколдору бекитилсин:

- Каракол айылдык кеңешинин (1-тиркеме);

- Хан-Теңири айылдык кеңешинин  (2-тиркеме);

- Кыдыр-Аке айылдык кеңешинин (3-тиркеме);

- Алтын-Арашан айылдык кеңешинин (4-тиркеме).

2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясына жана тийиштүү айылдык кеңештерине жөнөтүлсүн.

4. Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясы шайлоолордун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарын каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                   Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 22-ноябры

201