23.09.2024 №138 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 30-январындагы №17 токтому менен бекитилген Ош облусунун Алай районунун Тилектеш айылдык аймагындагы шайлоо участокторунун схемаларына жана че

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 30-январындагы №17 токтому менен бекитилген Ош облусунун Алай районунун Тилектеш айылдык аймагындагы шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Ош облусунун Алай районундагы Тилектеш айыл аймагынын №5480 жана №5136 шайлоо участкаларынын схемасына жана чек арасына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Алай аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 20-сентябрындагы №4 чечими келип түшкөн.

Алай аймактык шайлоо комиссиясынын чечими Ош облусунун Алай районундагы Тилектеш айыл өкмөтүнүн башчысынын 2024-жылдын 20-сентябрындагы №370 кайрылуусунун негизинде кабыл алынган.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы №4 токтому менен бекитилген «Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 30-январындагы №17 токтому менен бекитилген «Ош облусунун Алай районунун айрым жергиликтүү кеңештеринин аймагында шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- Ош облусунун Алай районундагы Тилектеш айыл аймагынын №5480 жана №5136 шайлоо участкаларынын схемасы жана чек арасы бул токтомдун тиркемесине ылайык баяндалсын.

2. Алай аймактык шайлоо комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте №5480 жана №5136 шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары өзгөргөнү боюнча шайлоочулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                 Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 23-сентябры

№ 138