23.11.2024 №209 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Балбай, Карасаев, Каркыра, Ысык-Көл, Түп айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Түп аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Балбай, Карасаев, Каркыра, Ысык-Көл, Түп айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Түп аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

 

2024-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы №256 Жарлыгы менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Балбай, Карасаев, Каркыра, Ысык-Көл, Түп айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 62-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 23-сентябындагы №136 токтому менен бекитилген «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруунун жана өткөрүүнүн, аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн тартиби жөнүндө» жобого ылайык:

- участкалык шайлоо комиссияларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу жана аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө аралыктан добуш берүүнүн шайлоо участкасынын 2024-жылдын 17-ноябрындагы протоколдордун негизинде Түп аймактык шайлоо комиссиясы шайлоолорду болуп өттү деп тааныды жана Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Балбай, Карасаев, Каркыра, Ысык-Көл, Түп айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжаларын белгиледи.

Ысык-Көл облусунун Түп районунун Балбай, Карасаев, Каркыра, Ысык-Көл, Түп айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө Кемин аймактык шайлоо комиссиясына 2 арыз түшкөн. Келип түшкөн арыздар каралып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынган. Кабыл алынган чечимдерге даттануулар келип түшкөн жок.

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Балбай, Карасаев, Каркыра, Ысык-Көл, Түп айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө арыз даттануулар келип түшкөн жок.

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 17-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1, 62-беренелерине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Депутаттарды шайлоонун натыйжалары жөнүндө Түп аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 21-ноябрындагы төмөнкү протоколдору бекитилсин:

- Балбай айылдык кеңешинин (1-тиркеме);

- Карасаев айылдык кеңешинин  (2-тиркеме);

- Каркыра айылдык кеңешинин (3-тиркеме);

- Ысык-Көл айылдык кеңешинин (4-тиркеме);

- Түп айылдык кеңешинин (5 тиркеме).

2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Түп аймактык шайлоо комиссиясына жана тийиштүү айылдык кеңештерине жөнөтүлсүн.

4. Түп аймактык шайлоо комиссиясы шайлоолордун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарын каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

 

ТӨРАГА                                                                   Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 22-ноябры

209