28.09.2021 №715 Токтогул округдук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Токтогул округдук шайлоо комиссияcынын мүчөлөрүнүн шайлоо комиссиясынын курамынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Токтогул округдук шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- Абдыкадыров Замирбек Кочкорбаевич жана Кудакеева Кишимжан комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан Тургунбаев Эркин Эсенбаевич жана Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен Бошкоева Перизат Нуршамиловна комиссиянын курамына киргизилсин.

2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

                ТӨРАГА                                                                   Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 28-сентябры

№ 715