05.07.2021 №605 2021-жылдын 29-июнунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2021-жылдын 29-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 15-июнундагы № 471 токтому менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо болуп өттү.

Садыр-Аке айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – Ашырбаев Эрбол Дамирбекович, Орозалиев Айбек Болотбекович, Шатенов Джумабек Абазович катталган. Талапкерлер Садыр-Аке айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 29-июнундагы протоколу менен Садыр-Аке айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 20 депутаты катышып, Э. Д. Ашырбаев– 6 добуш, А. Б. Орозалиев – 13 добуш, Дж. А. Шатенов – 1 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 29-июнундагы протоколу менен Орозалиев Айбек Болотбекович Садыр-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.

2021-жылдын 29-июнундагы Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын Садыр-Аке айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын

шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун 2021-жылдын 29-июнунда өткөрүлгөн Садыр-Аке айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 29-июнундагы протоколдору бекитилсин.

1.1. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Орозалиев Айбек Болотбекович Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2. Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Садыр-Аке айыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                                        Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 5-июлу

№ 605