15.09.2022 №81 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Кара-Суу, Кара-Кулжа, Баткен шаардык, Жайыл, Панфилов, Ала-Бука, Кемин, Тоң жана Кадамжай аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештерде депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:

- Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын – Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кара-Суу шаардык кеңеши боюнча;

- Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын – Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кара-Кочкор айылдык кеңеши боюнча;

- Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын – Баткен облусунун Баткен шаардык кеңеши боюнча;

- Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын – Чүй облусунун Жайыл районундагы Талды-Булак айылдык кеңеши боюнча;

- Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын – Чүй облусунун Панфилов районундагы Фрунзе айылдык кеңеши боюнча;

- Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын – Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Өрүктү айылдык кеңеши боюнча;

- Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын – Чүй облусунун Кемин районундагы Орловка шаардык кеңеши боюнча;

- Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын – Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Күн-Чыгыш айылдык кеңеши боюнча;

- Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын – Баткен облусунун Кадамжай районундагы Орозбеков айылдык кеңеши боюнча.

Ошондой эле Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кара-Суу шаардык кеңешинин жана Чүй облусунун Кемин районундагы Орловка шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерлерди чыгаруу жөнүндө Кара-Суу жана Кемин аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери келип түштү.

Аталган чечимдер «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык кабыл алынган.

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, «Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет».

Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдерин «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Кулжа, Баткен шаардык, Жайыл, Панфилов, Ала-Бука, Кемин, Тоң жана Кадамжай аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кара-Суу жана Кемин аймактык шайлоо комиссияларынын талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерлерди чыгаруу боюнча чечимдери 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Кара-Суу, Кара-Кулжа, Баткен шаардык, Жайыл, Панфилов,  Ала-Бука, Кемин жана Кадамжай аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды талапкерлерге жана саясий партиялардын талапкерлеринин катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.

4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.

5. Кара-Суу, Кара-Кулжа, Баткен шаардык, Жайыл, Панфилов, Ала-Бука, Кемин жана Кадамжай аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 3-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.  

6. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.

8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                         Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2022-жылдын - 15 сентябры

№ 81