28.06.2021 № 564 2021-жылы 23-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2021-жылы 23-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 9-июнундагы № 381 токтому менен дайындалган Ош облусунун Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо болуп өттү.

Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – Жантороев Канторо, Толубаева Ширин Ражаповна, Кенжетаев Анарбек Алтыбаевич катталган. Талапкерлер Катта-Талдык айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 23-июнундагы протоколу менен Катта-Талдык айылдык кеңешиндеги 21 депутаты катышып, К. Жантороев – 12 добуш, Ш. Р. Толубаева – 9 добуш, А.А. Кенжетаев – 0 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын кайра шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 23-июнундагы протоколу менен Жантороев Канторо Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Ош облусунун Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.

2021-жылдын 23-июнундагы Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук

комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2021-жылы 23-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 23-июнундагы протоколдору бекитилсин.

1.1. Ош облусунун Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Жантороев Канторо Ош облусунун Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2. Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.

  1. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
  2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.


 

ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА


 

Бишкек ш., 2021-жылдын 28-июну

№ 564