09.02.2022 №13 2022-жылдын 10-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чуй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого катышуучу талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсебин ачуу үчүн банк..

2022-жылдын 10-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чуй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого катышуучу талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсебин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктоо жөнүндө

 

«Кыргыз Республикасынын Жалал -Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чуй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-февралындагы № 31 ПЖ Жарлыгынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4,8,14 беренелерин, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2022-жылдын 10-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Жалал -Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чуй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого катышуучу талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн «РСК Банк» ААКсы жана «Айыл Банк» ААКсы банк мекемелери болуп белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына караштуу Көзөмөлдө-текшерүү тобу ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Мыйзамына ылайык көрсун.

3. Ушул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровко жүктөлсүн.

 

 

 

ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек шаары, 2022- жылдын 9-февралы

№ 13