10.03.2025 №14 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин д
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Талас шаардык, Лейлек, Кочкор, Токмок, Жайыл, Панфилов жана Аксы аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:
1. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-пунктунун жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергендигине байланыштуу жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери:
–.Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 21-февралындагы № 2 Баткен облусунун Лейлек районунун Сумбула айылдык кеңеши боюнча;
- Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 20-февралындагы № 1 Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Суу айылдык кеңеши боюнча;
- Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 12-февралындагы № 3 Чүй облусунун Жайыл районунун Талды-Булак айылдык кеңеши боюнча;
- Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 28-февралындагы № 8 Чүй облусунун Панфилов районунун Кайыңды шаардык кеңеши боюнча;
- Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын 2.03.2025-ж. № 1 Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Жол айылдык кеңеши боюнча.
2. Жеке арызынын негизинде депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерди чыгаруу жөнүндө чечимдери:
–.Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 1-февралындагы №1 Чүй облусунун Токмок шаардык кеңеши боюнча;
–.Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 10-февралындагы № 1 Талас облусунун Талас шаардык кеңеши боюнча.
3).“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 11-пунктунун жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин2-бөлүгүнүн 9-пунктунун негизинде, депутаттын каза болгондугуна байланыштуу жергиликтүү кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 28-февралындагы № 6 Чүй облусунун Панфилов районунун Кайыңды шаардык кеңеши боюнча чечими.
4).“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун жана 11-бөлүгүнүн негизинде, жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда анын мандаты тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын чечими менен бош калган мандаттарды саясий партиянын тизмесинде шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 28-февралындагы № 7 жана № 9 Чүй облусунун Панфилов районунун Кайыңды шаардык кеңеши боюнча чечими.
5).“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, бош калган мандаттарды тиешелүү бир мандаттуу шайлоо округ боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган шайланган депутаттан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери:
–.Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 21-февралындагы № 2 Баткен облусунун Лейлек районунун Сумбула айылдык кеңеши боюнча;
–.Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 20-февралындагы № 2 Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Суу айылдык кеңеши боюнча;
–.Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 12-февралындагы № 4 Чүй облусунун Жайыл районунун Талды-Булак айылдык кеңеши боюнча;
–.Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 2-мартындагы № 1 Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Жол айылдык кеңеши боюнча.
Аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан кабыл алынган чечимдери “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин талаптарына ылайык келет.
“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, “Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет”.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, ошондой эле аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдерин эске алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
– Лейлек, Кочкор, Жайыл, Панфилов жана Аксы аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык;
–.Токмок жана Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу боюнча чечими 2-тиркемеге ылайык;
–.Лейлек, Кочкор, Жайыл, Панфилов жана Аксы аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарын тизмеде катталган талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык.
2..Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
3..Лейлек, Кочкор, Жайыл, Панфилов жана Аксы аймактык шайлоо комиссиялары, 3-тиркемеге ылайык жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
4..Бул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жана “Эркин-Тоо” гезитине жарыялансын.
5..Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6..Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. Шайназаров
Бишкек ш., 2025-жылдын 10-марты
№ 14