25.11.2024 №259 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

 

2024-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы №256 Жарлыгы менен дайындалган  Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

Балыкчы шаардык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн бирдиктүү 1 шайлоо округ жана 21 шайлоо участок түзүлгөн.

Шайлоочулардын тизмесине 35387 шайлоочу киргизилген.

Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого 8 саясий партия катталган: «Ишеним», «Жаңы Кыргызстан», «Эл Үмүтү», «Мурас»,    «Ынтымак», «Эмгек», «Социал демократ», «Адилеттүү Кыргызстан».

Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясы 21 участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары туралуу протоколдорунун негизинде Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын аныктады.

Добуш берүүгө жалпысынан 11574 шайлоочу катышты, бул жалпы шайлоочулардын 32,71%  түзөт, анын ичинде аралыктан добуш берүүгө 74 шайлоочу катышты.

Балыкчы шаардык кеңешинде мандаттардын саны 31.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча 7 саясий партиялар шайлоочулардын жалпы санынын 5 жана андан көп пайызынын добушуна ээ болду: «Ишеним» - 829 добуш (7,23%) - 2 мандат; «Жаңы Кыргызстан»  - 2482 добуш (21,65%) - 7 мандат; « Эл Үмүтү » - 2626 добуш (22,91%)  - 7 мандат; «Мурас» - 736 добуш (6,42%) - 2 мандат; «Ынтымак» - 1923 добуш (16,77%) - 6 мандат; «Эмгек» - 908 добуш (7,92%) - 3 мандат; «Социал демократ» - 1418 добуш (12,37%) - 4 мандат.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 56-1-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 23-сентябындагы №136 токтому менен бекитилген «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруунун жана өткөрүүнүн, аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн тартиби жөнүндө» Жобого ылайык:

- 21 участкалык шайлоо комиссияларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу жана аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө аралыктан добуш берүүнүн шайлоо участкаларынын 2024-жылдын 17-ноябрындагы протоколдордун негизинде Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясы шайлоолорду болуп өттү деп тааныды жана Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжаларын белгиледи.

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө Борбордук шайлоо комиссиясына 2 арыз түшкөн. Келип түшкөн арыз, КР БШКнын арыздарды жана даттанууларды кароо боюнча жумушчу тобу карап, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алынды. Бүгүнкү күнгө каралбаган арыз даттануулар жок.

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 27-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 56-1 -беренелерине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 21-ноябрындагы протоколу бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясына жана Балыкчы шаардык кеңешине жиберилсин.

4. Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттарын каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                            Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 25-ноябры

№ 259