22.11.2024 №188 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Нарын облусунун Нарын районундагы Дөбөлү, Чет-Нура, Миң-Булак, Жерге-Тал, Эмгек-Талаа, Жан-Булак жана Учкун айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Нарын аймактык шайлоо комиссия

2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Нарын облусунун Нарын районундагы Дөбөлү, Чет-Нура, Миң-Булак, Жерге-Тал, Эмгек-Талаа, Жан-Булак жана Учкун айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 

 

2024-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы №256 Жарлыгы менен дайындалган Нарын облусунун Нарын районундагы Дөбөлү, Чет-Нура, Миң-Булак, Жерге-Тал, Эмгек-Талаа, Жан-Булак жана Учкун айылдык кеңештеринин депуттарын шайлоо болуп өттү.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 62-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 23-сентябындагы №136 токтому менен бекитилген «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруунун жана өткөрүүнүн, аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн тартиби жөнүндө» жобого ылайык:

- участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу жана аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө аралыктан добуш берүү участкалык шайлоо комиссияларынын 2024-жылдын 17-ноябрындагы протоколдордун негизинде Нарын аймактык шайлоо комиссиясы шайлоолорду болуп өттү деп тааныды жана Дөбөлү, Чет-Нура, Миң-Булак, Жерге-Тал, Эмгек-Талаа, Жан-Булак жана Учкун айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын белгиледи.

Дөбөлү, Чет-Нура, Миң-Булак, Жерге-Тал, Эмгек-Талаа, Жан-Булак жана Учкун айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө арыз даттануулар келип түшкөн жок.

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 27-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1, 62-беренелерине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 21-ноябрындагы депутаттарды шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдору бекитилсин:

- Дөбөлү айылдык кеңешинин (1-тиркеме);

- Чет-Нура айылдык кеңешинин  (2-тиркеме);

- Миң-Булак айылдык кеңешинин (3-тиркеме);

- Жерге-Тал айылдык кеңешинин (4-тиркеме);

- Эмгек-Талаа айылдык кеңешинин (5-тиркеме);

- Жан-Булак айылдык кеңешинин (6-тиркеме);

- Учкун айылдык кеңешинин (7-тиркеме).

2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Нарын аймактык шайлоо комиссиясына жана тийиштүү айылдык кеңештерине жөнөтүлсүн.

4. Нарын аймактык шайлоо комиссиясы шайлоолордун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарын каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

 

ТӨРАГА                                                                   Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 22-ноябры

№ 188