23.11.2024 №225 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун

Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

 

2024-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы №256 Жарлыгы менен дайындалган  Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

Кызыл-Кыя шаардык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн бирдиктүү 1 шайлоо округ жана 22 шайлоо участок түзүлгөн.

Шайлоочулардын тизмесине 37 872 шайлоочу киргизилген.

Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого 5 саясий партия катталган: «Ишеним», «НДПК», «Жаңы Кыргызстан», «Таза Коом», «Ынтымак».

Добуш берүүгө жалпысынан 11 063 шайлоочу катышты, бул жалпы шайлоочулардын 29,2%  түзөт, анын ичинде аралыктан добуш берүүгө 39 шайлоочу катышты.

Кызыл-Кыя шаардык кеңешинде мандаттардын саны 31.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча 5 саясий партиялар шайлоочулардын жалпы санынын 5 жана андан көп пайызынын добушуна ээ болду: «Ишеним» - 3102 добуш (28,46%) - 9 мандат; «НДПК» - 2479 добуш (22,75%) - 7 мандат; «Жаңы Кыргызстан» - 1912 добуш (17,54%) - 5 мандат; «Таза Коом» - 1729 добуш (15,87%) - 5 мандат; «Ынтымак» - 1575 добуш (14,45%) - 5 мандат.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 56-1-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 23-сентябрындагы №136 токтому менен бекитилген «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруунун жана өткөрүүнүн, аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн тартиби жөнүндө» Жобого ылайык:

- 22 участкалык шайлоо комиссияларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу жана аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө аралыктан добуш берүү участкалык шайлоо комиссияларынын 2024-жылдын 17-ноябрындагы протоколдордун негизинде Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясы шайлоолорду болуп өттү деп тааныды жана Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжаларын белгиледи.

Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө арыз даттануулар келип түшкөн жок.

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 27-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 56-1-беренелерине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 20-ноябрындагы Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколу бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясына жана Кызыл-Кыя шаардык кеңешине жиберилсин.

4. Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаттарын каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                   Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 23-ноябры

№ 22522-ноябры