23.09.2024 №146 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Жети- Өгүз айыл аймагындагы №3165 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Жети- Өгүз айыл аймагындагы №3165 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 20-сентябрындагы № 8 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз айыл аймагынын №3165 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө чечими келип түшкөн.

Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын чечими 2024-жылдын 20-сентябрындагы №01-04/44 Жети-Өгүз айыл кенешинин кайрылуусунун негизинде кабыл алынган.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы № 4 токтому менен бекитилген «Шайлоо округдарынын жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын башкаруунун тартиби жөнүндө» жобону  жетекчиликке алып,  

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1. Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун №3165 шайлоо участкасы Балтабай айылындагы А.Осмон №25 көчөсүндө жайгашкан Арстакеев атындагы мектебинин имаратынан мурдагы айыл өкмөтүнүн А.Осмон №52 «А» көчөсүндөгү имаратына ѳзгѳртүлсүн. 
2. Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясы Жети-Өгуз айыл аймагынын айыл өкмөтү менен биргеликте шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү боюнча шайлоочулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары  Т.У. Шайназаровго жүктѳлсүн.

 

 

ТѲРАГА                                                                   Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2024-жылдын 26-сентябры

№ 146