11.09.2024 №116 Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервин толуктоо жөнүндө

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын

резервин толуктоо жөнүндө

 

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  19-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы №176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна, аймактык шайлоо комиссияларынын резервине келип түшкөн документтерди кароо боюнча Жумушчу топтун 2024-жылдын 6-сентябрындагы чечимине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандарга, саясий партияларга, коомдук бирикмелерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына (жергиликтүү кеңештерге)  2024-жылдын 17-июлундагы кайрылуусунун, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө жергиликтүү Бишкек шаардык кеңешинин жыйналышынын 2024-жылдын 29-августундагы № 141 токтомдун негизинде,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Аймактык шайлоо комиссиялардын резервдерине келип түшкөн документтерди кароо боюнча Жумушчу топтун 2024-жылдын 6-сентябрындагы чечимине ылайык, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервине жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын талапкерлери тиркемеге ылайык киргизилсин.

2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                   Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 11-сентябры

№ 116

 

негиздеме-кат