29.08.2024 №107 Чүй, Айтматов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Н.А Исаевдин, Б.О Осмоновдун, Урмат уулу Б, Р.Н Керезованын, Н.Т Шамшиеванын, Айтматов аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү У.А Парпиевдин, М.К Кемелбекованын, К.К Сыдыгалиевдин шайлоо комиссияларынын курамдарынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде,«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине,«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине, 22-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобого ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын курамына  төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
  • «Кыргызстан» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Исаев Нурбек Абакирович, «Эл Аман» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Осмонов Болотбек Омокович, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан көрсөтүлгөн Керезова Роза Нурдиновна, Шамшиева Нурзада Талантбековна, Урмат уулу Болот комиссиянын курамынан чыгарылсын;  
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан көрсөтүлгөн Ногойбаев Усен Турдалыевич, Токтоназарова Чолпон Макибаевна, Гуров Исмар Баллалович, Тыналиев Таалайбек Усенович, Шаабаева Айнагуль Абдулказиевна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
  1. Айтматов аймактык шайлоо комиссиясынын курамына  төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
  • «Кыргызстан» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Парпиев Урмат Абдыжалилович, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан көрсөтүлгөн Кемелбекова Мээрим Кемелбековна, Сыдыгалиев Каныбек Кенешбекович комиссиянын курамынан чыгарылсын;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Музамамбетов Тимур Бакнуркулович комиссиянын резервинен чыгарылсын;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан көрсөтүлгөн Чаргынова Фатима Рысбековна, Бейшенова Айгул Эшимовна, Садыркулова Сезим Нурлановна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                      Н. ШАЙЛДАБЕКОВА                                                                    

 Бишкек ш., 2024-жылдын 29-августу

№ 107

Негиздеме кат