21.02.2025 №13 Кыргыз Республикасынын айрым аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин жана курамдарын түзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын айрым аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин жана курамдарын түзүү жөнүндө

 

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы №176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык, айрым аймактык шайлоо комиссияларынын резервине келип түшкөн документтерди кароо боюнча Жумушчу топтун 2025-жылдын 18, 19-февралындагы чечимине ылайык, айрым аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө саясий партиялардын протоколдоруна, жергиликтүү кеңештердин токтомдоруна ылайык,  ошондой эле 2025-жылдын 19-февралында өткөрүлгөн чүчүкулактын протоколдорунун негизинде,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Аймактык шайлоо комиссияларынын сандык курамы 12 адамдан түзүлсүн.

2. Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын курамына саясий партиялардан көрсөтүлгөн талапкерлер, 1-тиркемеге ылайык киргизилсин.

3. Токтогул жана Кант аймактык шайлоо комиссиясынын курамына кирбей калган саясий партиядан көрсөтүлгөн талапкерлер чүчүкулактын жыйынтыгы менен  2-тиркемеге ылайык резерв болуп түзүлсүн.

4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун  өкүлчүлүктүү органдарынан көрсөтүлгөн талапкерлер  айрым аймактык шайлоо комиссияларынын резервдери болуп  3-тиркемеге ылайык түзүлсүн.   

5. Айрым аймактык шайлоо комиссиялардын резервиндеги жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан көрсөтүлгөн талапкерлер айрым аймактык шайлоо комиссиялардын курамына 4- тиркемеге ылайык киргизилсин.

6. Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын курамы 5-тиркемеге ылайык бекитилсин.

7. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

         

ТӨРАГА                                                                         Т. ШАЙНАЗАРОВ

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 21-февралы

№ 13