05.05.2023 №46 Бишкек шаарынын Ленин районунун №1013 шайлоо участогунун дарегин өзгөртүү жөнүндө

Бишкек шаарынын Ленин районунун №1013 шайлоо участогунун дарегин өзгөртүү жөнүндө

 

Бишкек шаарынын мэриясынын кайрылуусуна байланыштуу Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын №1013 шайлоо участогунун имаратын дарегин өзгөртүү жөнүндө сунушунун негизинде, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пунктарына, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы №4 токтому менен бекитилген «Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,

         Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бишкек шаарынын Ленин районунун №1013 шайлоо участкасынын дареги Кайназарова көчөсү №30 Ветеринардык башкарма имаратынан, Месароша көчөсү №1 дарегиндеги №50-орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.

2. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Н. Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                   Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

                                                                  

Бишкек ш., 2023-жылдын 5-майы

№ 46