26.09.2024 №148 Ак-Суу, Талас, Лейлек жана Кара-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Ак-Суу, Талас, Лейлек жана Кара-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү  Т.К Асыпаевдин, Акылбек уулу М, З.К Урбекованын, Э.А. Албановдун, М.А Букамбаевдин, Талас аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү  Б.А Аналбекованын, Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү А.А. Баратовдун, Н.Б. Максутованын, Ж.А. Тажибаевдин, Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү З.С. Абжапаровдун шайлоо комиссияларынын курамдарынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине, 22-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы №176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө»  Жобого ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына  төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан көрсөтүлгөн Асыпаев Толубай Курманович, Акылбек уулу Максат, Урбекова Зарина Каныбековна, Албанов Эрмек Асанович, Букамбаев Мирбек Алтымышбекович комиссиянын курамынан чыгарылсын;  
  • «Ишеним» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Корчиев Максатбек Дүйшөмбиевич, «Ынтымак» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Орозбаева Асель Тологоновна, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан көрсөтүлгөн Кендирбаев Нурмат Кенешевич, Ордобаева Турган Турсунбаевна, Үсөнбеков Элшат Үсөнбекович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
  1. Талас аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
  •  жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Аналбекова Бермет Аналбековна комиссиянын курамынан чыгарылсын; 
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Кайранова Перизат Оттукбаевна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
  1. Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына  төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан көрсөтүлгөн Баратов Аппаз Аликулович, Максутова Назакат Бекназаровна, Тажибаев Жакыпбай Алиевич комиссиянын курамынан чыгарылсын; 
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан көрсөтүлгөн Мустапакулов Мырзабек Абдиллаевич, Кулдашева Хаетхон Атабековна, Мустапкулова Аширали Атамуратович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
  1. Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
  •  «Биздин Кыргызстан» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Абжапаров Замирбек Сабырбекович комиссиянын курамынан чыгарылсын; 
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Орунбаев Бектур Бакытбекович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

5.  Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана   Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6.  Бул токтомдун аткарылышын контролдоо    Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                 Н. ШАЙЛДАБЕКОВА                    

Бишкек ш., 2024-жылдын 26-сентябры

№ 148