22.04.2023 №44 Бишкек шаарынын Ленин районунун №1033, 1035 жана №1062 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө

Бишкек шаарынын Ленин районунун №1033, 1035 жана №1062 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө

 

Бишкек шаарынын мэриясынын кайрылуусуна байланыштуу Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын №1033, 1035 жана №1062 шайлоо участкаларынын имараттарынын даректерин өзгөртүү жөнүндө сунушунун негизинде, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пунктарына, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы №4 токтому менен бекитилген «Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бишкек шаарынын Ленин районунун №1033 шайлоо участкасынын дареги Эр-Тайлак №75 көчөсүндөгү орто мектеп №79 имаратынан, Бадахшан көчөсү №2/1Б дарегиндеги №97 орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.

2. Бишкек шаарынын Ленин районунун №1035 шайлоо участкасынын дареги Жайыл Баатыр №66 көчөсүндөгү «Газпром» дене-тарбия ден-соолукту чыңдоо комплекс имаратынан, Эр-Тайлак көчөсү №75 дарегиндеги №79 орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.

3. Бишкек шаарынын Ленин районунун №1062 шайлоо участкасынын дареги Жайыл Баатыр №66 көчөсүндөгү «Газпром» дене-тарбия ден-соолукту чыңдоо комплекс имаратынан, Кара-Коо көчөсү №118 дарегиндеги №93 орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.

4. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

5. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                    Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

                                                                  

Бишкек ш., 2023-жылдын _-апрели

№ 44