14.02.2024 №9 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын Зулпуев Саидбек Мейраждиновичке өткөрүп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын Зулпуев Саидбек Мейраждиновичке өткөрүп берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык мандаты бош калгандыгына байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 21-беренесинин 11-бөлүгүнө, 65-беренесинин 3, 4-1 бөлүктөрүнө, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Зулпуев Саидбек Мейраждинович «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таанылсын.

2. Зулпуев Саидбек Мейраждинович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты болуп катталсын.

3. Зулпуев Саидбек Мейраждиновичке белгиленген үлгүдөгү ырастама жана төш белги берилсин.

4. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине жиберилсин.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                         Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 14-февралы

№ 9