31.10.2024 №180 Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

         Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан көрсөтүлгөн мүчөлөрү Н.У.Калыгулова, Ж.И.Атантаева, Ч.Муканова аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан чыгаруу жөнүндө  арыздарынын жана «Ыйман Нуру» саясий партиясынан У.Т.Жолочиевди, «Бирге-Вместе» саясий партиясынан З.Я.Даутованы, «Эмгек» саясий партиясынан Масылбек кызы Аиданы, «Жаңы Кыргызстан» саясий партиясынан Т.К.Шыгаеваны, «Ынтымак» саясий партиясынан Р.Т.Ниязованы Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын курамына киргизүү боюнча кайрылууларынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо  жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине, 22-беренесинин  10-бөлүгүнүн 1-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын  6-декабрындагы №176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобого ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

         1. Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан көрсөтүлгөн Н.У.Калыгулова, Ж.И.Атантаева, Ч.Муканова комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- «Ыйман Нуру» саясий партиясынан У.Т.Жолочиев, «Бирге-Вместе» саясий партиясынан З.Я.Даутова, «Эмгек» саясий партиясынан Масылбек кызы Аида, «Жаңы Кыргызстан» саясий партиясынан Т.К.Шыгаева, «Ынтымак» саясий партиясынан Р.Т.Ниязова комиссиянын курамына киргизилсин.

2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                 Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 31-октябры

 №180