22.11.2024 №186 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Нарын облусунун Нарын шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

 

2024-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы №256 Жарлыгы менен дайындалган  Нарын облусунун Нарын шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

Нарын шаардык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн бирдиктүү 1 шайлоо округ жана 21 шайлоо участок түзүлгөн.

Шайлоочулардын тизмесине 33 480 шайлоочу киргизилген.

Нарын шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого 6 саясий партия катталган: «Эл Үмүтү», «Ишеним», «Адилет», «Социал демократтар», «Ынтымак», «Жаңы Кыргызстан».

Добуш берүүгө жалпысынан 10 132 шайлоочу катышты, бул жалпы шайлоочулардын 30,26%  түзөт, анын ичинде аралыктан добуш берүүгө 153 шайлоочу катышты.

Нарын шаардык кеңешинде мандаттардын саны 31.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча 5 саясий партиялар шайлоочулардын жалпы санынын 5 жана андан көп пайызынын добушуна ээ болду: «Эл Үмүтү » - 1 147 добуш (11,41%) - 4 мандат; «Ишеним» - 1 183 добуш (11,77%) - 4 мандат; «Адилет» - 3 157 добуш (31,40%) - 10 мандат; «Ынтымак» - 1 803 добуш (17,93%) - 6 мандат; «Жаңы Кыргызстан» - 2 261 добуш (22,49%) - 7 мандат.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 56-1-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 23-сентябрындагы №136 токтому менен бекитилген «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруунун жана өткөрүүнүн, аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн тартиби жөнүндө» Жобого ылайык:

- 21 участкалык шайлоо комиссияларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу жана аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө аралыктан добуш берүүнүн шайлоо участкаларынын 2024-жылдын 17-ноябрындагы протоколдордун негизинде Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясы шайлоолорду болуп өттү деп тааныды жана Нарын шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжаларын белгиледи.

Нарын облусунун Нарын шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө арыз даттануулар келип түшкөн жок.

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 27-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 56-1-беренелерине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Нарын облусунун Нарын шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 21-ноябрындагы протоколу бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясына жана Нарын шаардык кеңешине жиберилсин.

4. Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган Нарын шаардык кеңешинин депутаттарын каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

 

ТӨРАГА                                                                   Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 22-ноябры

№ 186