Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Ченемдик укуктук актыны “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына шайкеш келтирүү, ошондой эле талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун жана референдум фонддорунун акча каражаттарынын түзүлүшүн жана чыгымдалышын контролдоо механизмдерин түзүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 15-августундагы № 56 “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердүүлүгү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жана Кыргыз Республикасынын “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун жетекчиси А. М. Айбалаевге жүктөлсүн.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек ш., 2026-жылдын 9-сентябры
№ 93