10.12.2021 №806 Бир мандаттуу № 15 Базар-Коргон шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо натыйжалары тууралуу

 

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-августундагы № 370 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалды.

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү боюнча шайлоо округдарынын схемасы жана чек аралары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын                                   5-сентябрындагы № 684 токтому менен бир мандаттуу № 15 Базар-Коргон шайлоо округунун схемасы жана чек арасы бекитилди.

Бир мандаттуу № 15 Базар-Коргон шайлоо округунда добуш берүүнү өткөрүү үчүн 80 шайлоо участогу түзүлгөн. 

Бир мандаттуу № 15 Базар-Коргон шайлоо округу боюнча шайлоочулардын тизмесине 112952 шайлоочу киргизилген, алардын ичинен 38677 шайлоочу добуш берүүгө катышты, бул 34,2%ды түздү.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына төмөнкү 5 талапкерди каттады:

1. Уметалиев Артур Алимжанович;

2. Коңурбаева Айгүл Казыбековна;

3. Алтынбеков Айбек;

4. Арзыкулов Сүйүнбек Абитович;

5. Бакиев Кубанычбек.

Базар-Коргон округдук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 6-декабрындагы №9 чечими менен, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык №2045, №2376, №2448 шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылды.

Ал шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу жыйынтык натыйжасына таасир этпегендигин белгилей кетүү керек. Шайлоонун натыйжалары боюнча № 15 Базар-Коргон шайлоо округунун 77 шайлоо участкаларында жыйынтыктар чыгарылды.

Бир мандаттуу № 15 Базар-Коргон шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу Базар-Коргон округдук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 5-декабрындагы протоколунун маалыматтарына ылайык Уметалиев Артур Алимжанович 963 (2,62%) добуш алды, Коңурбаева Айгүл Казыбековна 1086 (2,96%) добуш алды, Алтынбеков Айбек 22145 (60,29%) добуш алды, Арзыкулов Сүйүнбек Абитович 1351 (3,68%) добуш алды, Бакиев Кубанычбек 7570 (20,61%) добуш алды, «Баарына каршы» үчүн 2135 (5,81%) добуш берилди.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 64-беренесинин 51-бөлүгүнө ылайык, ушул бир мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын кыйла көп добушун алган талапкер бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаты деп таанылат.

Бир мандаттуу № 15 Базар-Коргон шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу Базар-Коргон округдук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 6-декабрындагы протоколунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесинин 4-бөлүгүнө, 64-беренесинин 51-бөлүгүнө ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесин, 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 26-пункттун, 8-беренесин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бир мандаттуу № 15 Базар-Коргон шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо болуп өттү деп таанылсын.

2. Алтынбеков Айбек бир мандаттуу № 15 Базар-Коргон шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таанылсын.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                  Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш. 2021-жылдын 10-декабры

№ 806