22.11.2024 №199

2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун
Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

 

2024-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы №256 Жарлыгы менен дайындалган  Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

Кара-Көл шаардык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн бирдиктүү 1 шайлоо округ жана 9 шайлоо участок түзүлгөн.

Шайлоочулардын тизмесине 17265 шайлоочу киргизилген.

Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого 6 саясий партия катталган: «Энергетиктердин саясий партиясы», «Жаңы Кыргызстан», «Ынтымак», «Мекендеш», «Таза Булак»,«Эмгек партиясы» Добуш берүүгө жалпысынан 5370 шайлоочу катышты, бул жалпы шайлоочулардын 31,10%  түзөт, анын ичинде аралыктан добуш берүүгө 19 шайлоочу катышты.

Кара-Көл шаардык кеңешинде мандаттардын саны 31.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча 6 саясий партия шайлоочулардын жалпы санынын 5 жана андан көп пайызынын добушуна ээ болду: «Эмгек партиясы» - 1690 добуш (31,71%) - 10 мандат; «Жаны Кыргызстан» - 1350 добуш (25,33%) - 8 мандат; « Ынтымак » -628 добуш (11,78%) - 4 мандат; «Энергетиктердин саясий партиясы» - 613   добуш (11,50%) - 3мандат. «Таза Булак элдик партиясы» - 508 добуш (9,53%) - 3 мандат; « Мекендеш » -445 добуш  (8,35%)3 мандат «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 56-1-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 23-сентябындагы №136 токтому менен бекитилген «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруунун жана өткөрүүнүн, аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн тартиби жөнүндө» Жобого ылайык:

- 9 участкалык шайлоо комиссияларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу жана аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө аралыктан добуш берүүнүн шайлоо участкаларынын 2024-жылдын 17-ноябрындагы протоколдордун негизинде Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясы шайлоолорду болуп өттү деп тааныды жана Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжаларын белгиледи.

Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө арыз даттануулар келип түшкөн жок.

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 27-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 56-1-беренелерине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 20-ноябрындагы протоколу бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясына жана Кара-Көл шаардык кеңешине жиберилсин.

4. Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаттарын каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

 

ТӨРАГА                                                                   Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 22-ноябры

№ 199