28.10.2024 №175 КР БШКнын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү, аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө тартиби жөнүндө” Жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 23-сентябрындагы № 136 “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү, аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө тартиби жөнүндө” Жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине ылайык, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  321-беренесин ишке ашыруу максатында,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 23-сентябрындагы № 136 “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү, аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө тартиби жөнүндө” Жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилси:

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү, аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө тартиби жөнүндө” жобо төмөнкүдөй мазмундагы 8-1 пункту менен толукталсын:

“8-1. Шайлоочу, жеке/биометрикалык маалыматтары боюнча идентификациядан өтүү менен шайлоочунун катталган жери боюнча участкалык шайлоо комиссиясына, АДБ ШУ түзүлгөн жери боюнча   тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына же шайлоочулардын арыздарын кабыл алуу пункттарына аралыктык формада добуш берүүгө ниеттенгендиги жөнүндө кагаз түрүндө арыз менен кайрылууга укуктуу.

Аралыктан добуш берүүгө катышуу жөнүндө кагаз түрүндө арыздын формасы ушул жободо 2-тиркемеге тиркелет.”.

2. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                           Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2024-жылдын 28-октябры

№ 175

 

2-тиркеме