17.09.2024 №127 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 30-январындагы №15 токтому менен бекитилген Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Сайдыкум айылдык аймагындагы шайлоо участоктордун схем

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 30-январындагы №15 токтому менен бекитилген Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Сайдыкум айылдык аймагындагы шайлоо участоктордун схемаларына жана чек араларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Сайдыкум айыл аймагынын №2138 шайлоо участкасынын схемасына жана чек арасына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Сайдыкум айыл аймагынын Аркалык айылында жаңы шайлоо участогун түзүү жөнүндө Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 5-сентябрындагы №4 чечими келип түшкөн.

Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын чечими Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысынын 2024-жылдын 3-сентябрындагы №01-32/1526 кайрылуусунун негизинде кабыл алынган.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы №4 токтому менен бекитилген «Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 30-январындагы №15 токтому менен бекитилген Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Сайдыкум айылдык аймагындагы шайлоо участоктордун схемаларына жана чек араларына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- аталган токтомдун тиркемесинде Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Сайдыкум айыл аймагынын №2138 шайлоо участкаларынын схемасы жана чек арасы бул токтомдун 1-тиркемесине ылайык баяндалсын.

- Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Сайдыкум айыл аймагынын Аркалык айылындагы К. Кожояров №2 көчөсүндөгү Ветсервис имаратынын дарегинде жайгашкан №2455 жаңы шайлоо участкасы түзүлсүн жана анын схемасы жана чек аралары 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте жаңыдан түзүлгөн шайлоо участкасынын дареги боюнча шайлоочулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

3. Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясы №2455 участкалык шайлоо комиссиясынын курамын жана резервин түзсүн.

4. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                 Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 17-сентябры

№ 127