17.09.2024 №131 КР БШКнын 2020-жылдын 25-июлундагы № 139 “Шайлоочунун кабинети” сервиси жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 25-июлундагы № 139 Шайлоочунун кабинети сервиси жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык 2021-жылдын  26-августундагы №103 Мыйзамына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 2-августундагы №158 Мыйзамына ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 25-июлундагы № 139 “Шайлоочунун кабинети” сервиси жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна (КР БШКнын 2020-жылдын 23-декабрындагы № 497,  2021-жылдын 5-сентябрындагы №680 токтомдорунун редакциясында) төмөнкүдөй  өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) Жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Шайлоочунун кабинети” сервиси жөнүндө” жободо:

- 5-пункт төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:

“Булуттук электрондук колтамга (БЭК) – бул электрондук форматтагы өзү түшүргөн  колтамганын аналогу, анда анын ээси жөнүндө керектүү маалыматтар камтылган санариптик символдор бар.”;

- 7-пункттагы «Биометрикалык паспортто (eID-картада) же шайлоочунун квалификациялуу электрондук колтамгасында камтылган электрондук колтамга» деген сөздөр «идентификациялоонун жана аутентификациялоонун бирдиктүү системасы (UEP, eID карта, QR) же FACEID бет биометрикасы" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 7-пункттун экинчи абзацындагы “Шайлоочуну биометрикалык паспортто (eID-картада) камтылган электрондук колтамга боюнча” деген сөздөр алып салынсын, “биометрикалык паспорттун чибинен маалыматтарды окуй турган жабдуунун” деген сөздөр «БЭК» деген сөзгө алмаштырылсын;

- 7-пункттун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү аймактык шайлоо комиссияларына жөнөтүлсүн

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                         Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек, 2024-жылдын 17-сентябры

№ 131