30.08.2023 №84 Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын резервинде турган Б.К. Раеванын Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын курамына киргизүү жөнүндө арызынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине, 19-беренесинин 7-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобого ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Чүй облусунун Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизилсин:

-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Раева Бермет Кайратовна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                            Н. ШАЙЛДАБЕКОВА                                                                             

Бишкек ш., 2023-жылдын 30-августу

№ 84